Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровду «Ала-Тоо» аянтына алып келишти

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 1227 | 0

Бишкекте өтүп жаткан митингдин катышуучулары саясатчы Садыр Жапаровду абактан чыгарылып, «Ала-Тоо» аянтына алып келишти. Бул тууралуу күбөлөр маалымдоодо.

Буга чейин митингдегилер УКМКнын имаратын басып алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып чыгып кетишкен.

Митингчилер УКМКга кирип, Алмазбек Атамбаевди алып чыгып кетишти

Эскерте кетсек, нааразычылык акциясы 5-октябрь күнү 12:00дө башталган. Бара-бара эл чогулуп, 13 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, кайра өткөрүү талабын койгон. Кечки саат 19:30дарда митингдин катышуучулары ак үй тарапка бет алган. Күч органдары аларды көздөн жаш чыгаруучу газдар, резиналык октор менен таратууга аракет кылган. Бирок карапайым жарандар менен күч кызматкерлеринин тиреши күчөп, 6-октябрда саат 5терде Ак үйдүн басылып алынганы кабарланды.

Бишкекте митингчилер Ак үйдү басып алышты

 

Copyright © 2017 Maral FM