Биз менен байланышыңыз

Бишкекте митингчилер Ак үйдү басып алышты

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 1225 | 0

6-октябрда таңкы 4төр чамасында Бишкекте митингчилер ак үйдү басып алышты. Күч органдары багынып беришти.

Ак үйдүн ичи талкаланган, ар кандай документтер чачылган, эмеректер талкаланган абалда.

Эскерте кетсек, нааразычылык акциясы 5-октябрь күнү 12:00дө башталган. Бара-бара эл чогулуп, 13 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, кайра өткөрүү талабын койгон. Кечки саат 19:30дарда митингдин катышуучулары ак үй тарапка бет алган. Күч органдары аларды көздөн жаш чыгаруучу газдар, резиналык октор менен таратууга аракет кылган. Тиреш күч алып, УКМКнын имаратын басып алып, ал жактан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып чыгышкан.

Интернетте Ак үйдү таштап, шашылыш чыгып кеткен бир канча жолтандабас унаалардын видеосу тараган.

 

Copyright © 2017 Maral FM