Биз менен байланышыңыз

Токтосунова «Биримдиктен» чыгуу үчүн арыз жазды

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 989 | 0

Алып баруучу Нурзат Токтосунова «Биримдик» саясий партиясынан чыгуу үчүн арыз жазды. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасында жарыялады.

— Бүгүн барып партиядан чыгуу арызымды бердим. Учурдан пайдаланып, мага ишеним арткан партияга жана шайлоочуларыма чоң ыраазычылык билдирем, — дейт Токтосунова.

Белгилей кетсек, Нурзат Токтосунова «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер катары тизменин 72-орунунда катталган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM