Митингге чыккандардын айрым бөлүгү Ак үйгө келди. Алар имаратка кирүүгө аракет кылышууда. Ал эми күбөлөр бул чагымчылдардын иши экендигин айтып жатышат.
Аянтта шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон 13 партиянын өкүлдөрү жана алардын тарапташтары чогулган.
20:30дагы маалымат боюнча Ала-Тоо аянтына 6 миңдей адам чогулган.
Күч түзүмдөрү да эски аянттан Ак үйдү көздөй жүрүш кылууда.
Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтүп жаткан нааразычылык митингинде маданият кызматкерлери да катышты.
Төкмө акын Болгонбаев баштаган маданият өкүлдөрү да митингге катышууда
Кошумчалай кетсек, бүгүн 5-октябрда парламенттик шайлоодо босого баллга жетпей калган партиялар оппозициялык блок түзүп, митингге чыкты. Митинг саат 12:00дөн бери уланууда.