Биз менен байланышыңыз

Төкмө акын Болгонбаев баштаган маданият өкүлдөрү да митингге катышууда

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 709 | 0

Бишкектиги борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтүп жаткан нааразычылык митингинде маданият кызматкерлери да катышууда.

Тактап айтканда, төкмө акын Азамат Болгонбаев элди биримдикке чакырып, өлкөдөгү коррупцияга каршы бирге күрөшүү тууралуу ырдаса, манасчы Дөөлөт Сыдыков «Манас» айтып берди.

Ал эми алып баруучу, актриса Назира Айтбекова жарыш сөзгө чыгып, өлкөдө өткөн шайлоого карата нааразычылыгын билдирип, репер Тата Улан да жаштарды биримдикке чакырды. Ошондой эле митингди уюштуруучулардын катарында Кыргыз эл артисти, музыкант Курмангазы Азыкбаев да бар.

Кошумчалай кетсек, бүгүн 5-октябрда парламенттик шайлоодо босого баллга жетпей калган партиялар оппозициялык блок түзүп, митингге чыкты. Митинг саат 12:00дөн бери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM