Биз менен байланышыңыз

5-октябрь саат 11:00гө карата шайлоонун алдын ала жыйынтыгы

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 1980 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-октябрь саат 11:00гө карата шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, 98% шайлоо тилкесинин маалыматтары эсептелди.

Шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 554 жаран кирген, алдын ала маалымат боюнча шайлоого 1 млн 990 миң 700 жаран катышкан.

Алдын ала автоматтык шайлоо үкөктөрү эсептеген маалыматка ылайык:

  • «Биримдик»партиясы  – 487 миң 686 добуш же 24,5 %;
  • «Мекеним Кыргызстан» – 475 миң 372 же 23,88 %;
  • «Кыргызстан» – 174 миң 317 же 8,76 %;
  • «Бүтүн Кыргызстан»– 141 миң 940 же 7,13 %;
  • «Мекенчил» – 136 миң 276 же 6,85%;
  • «Республика» – 115 миң 288 же 5,79%;
  • «Ата Мекен» – 80 миң 279 же 4,3%;
  • «Ыйман Нуру» – 66 миң 747 же 3,13%;
  • «Бир Бол» — 60 миң 305 же 3,3%;
  • «Чоң казат» – 46 миң 568 же 2,34%;
  • «Замандаш» – 42 миң 862 же 2,15%;
  • Социал-демократтар – 42 миң 460 же 2,13%;
  • «Реформа» – 32 миң 795 или 1,65%;
  • «Мекен Ынтымагы» – 12 миң 468 же 0,63%;
  • «Ордо» – 4 миң 395 же 0,22%;
  • «Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» – 3 миң 459 же 0,17%;
  • Баарына каршы – 35 миң 714 же 1,79%.

Copyright © 2017 Maral FM