Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Молдокматов: Шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз

Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган жыйынтыгына көпчүлүк партиялар макул эместигин билдирип, шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып чыгышты.

Буга чейин «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары шайлоо тарыхта болуп көрбөгөндөй одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн айткан. 

Алардын катарын «Замандаш» партиясы да толуктап, анын лидери Жеңиш Молдокматов шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтты.

Баарынан дагы, башында айткандай «Форма-2» боюнча, ал менен 500 миң киши өздөрүнүн добушун сатты. Тилекке каршы, бир дагы мыйзам бузууларды каттоого алып, аларга карата чара көрүлбөдү. Ошондуктан, жалпы «Замандаш» партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз, — деди Молдокматов.

Партлидер ошону менен жаш жана таза адамдардан турган партиялардын өтпөй калганына дагы «Форма-2» себеп болгонун айтат. Анын себебин мындайча түшүндүрдү:

Биз теледебатта ар дайым лидерлер өздөрүбүз барып, программабыз менен чыгып, өз идеябызды сунуштадык. Чыныгы добушун бергендерге ырахмат. Эгерде биздин эл 500 миң добушун сатып алып, «форма-2» менен ары-бери ташыбаганда, «Реформа», «Республика», «Бир Бол» жана «Ата Мекен» партияларынын жеңип чыгуу ыктымалдуулугу жогору болот эле да.

Молдокматов ошондой эле шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон партиялар менен биригип, бийликтен акыйкаттыкты талап кыларын кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, анда бийликчил аталган 3 партия жана оппозициялык  бир партия акыркы орун менен 7 пайыздык босогодон өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM