Биз менен байланышыңыз

Түшкө чейин шайлоочулардын 17 пайызы добуш берди

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 504 | 0

4-октябрь түшкү саат 12:00гө карата жалпы 624 миң 500дөн ашык жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 17%ын түзөт. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында кабарлады.

Анын ичинде:

  • Бишкек шаарында — 84 миң 106;
  • Ош шаарында — 37 миң 860;
  • Жалал-Абад облусунда — 125 миң 225;
  • Ысык-Көл облусунда — 47 миң 971;
  • Нарын облусунда — 32 миң 260;
  • Ош облусунда — 120 миң 423 ;
  • Талас облусунда — 28 миң 130;
  • Чүй облусунда — 99 миң 13;
  • Баткен облусунда — 49 миң 610 шайлоочу добуш берип бүттү.

Чет өлкөдөгү шайлоо участкалардын алгачкылары түнкү саат 3:00дө ачылса, акыркы 8 участок Европада ачылды. АКШда, Лондондо да ачылат.

Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн 277 эл аралык байкоочу келди. Анын 234ү чет өлкөдөн келди, калганы Бишкекте катталган эл аралык уюмдун өкүлчүлүктөрү.

Copyright © 2017 Maral FM