Биз менен байланышыңыз

Добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча 20дан ашык арыз түштү

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 472 | 0

 Шайлоо башталгандан бери Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 21 арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында кабарлады.

Ал ар бир арыз боюнча тиешелүү чара көрүлөрүн, укук коргоо органдары карап жатканын айтты.

«Жабдыктар иштебей калып жатат, айрым телеканалдарда үгүт материалдар көрсөтүлүүдө, белгисиз бир адам тизме чогултуп жатат, саясий партиялардын байкоочулары шайлоочуну кабинкага чейин коштоп барып жатат, акча таратуу, шайлоо кутусунун жанында кишилер отурат, адамдар ташылып жатат, айрым адамдарга белги коюлган беткаптар жана алдын ала белгиленген шайлоо бюллетендери берилип жатат ж.б. деген арыздануулар болууда. Ар бир мыйзам бузууга тиешелүү чара көрүлөт», — деди Шайназаров.

Айрым шайлоо участкаларында кезек күтүү көп экени айтылган. Ага карата Шайназаров эл добуш берүүгө жетишерин, кезек күтүүлөр болбошу керектигин айтты.

Добуш берүү учурунда мыйзам бузуу болуп жатат (видео)

Шайлоо участкаларында медпункттар уюштурулуп, 5 миң 728 медициналык кызматкер иштеп жатат. Андан сырткары, тез жардам кызматынын унаалары дагы уюштурулуп, ооруканаларда орундар даярдалган.

Бардык медкызматкерлерге жеке коргонуу каражаттары, беткаптар, санитайзерлер жана башка коргонуу каражаттары толук жетиштүү. Эгер шайлоочулардын арасында дене табы көтөрүлүп, же оорунун белгилери бар жарандар болсо, алар кечки саат 18.00дөн кийин келип, атайын даярдалган кабиналарда өз добушун берүүгө укугу бар.

Copyright © 2017 Maral FM