Биз менен байланышыңыз

Республикалык штабдын сall-борборуна 50дөн ашык чалуу болду

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 325 | 0

4-октябрь эртең мененки саат 10:30га карата парламенттик шайлоону өткөрүүнү уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борборуна 52 чалуу болду.

Өкмөттүн маалыматына караганда, негизинен чалуулар шайлоочулар тараптан санитардык-эпидемиологиялык тартиптин сакталбаганы, айрым жарандар өздөрүн тизмеден таба албай жатканы боюнча болууда.

Өкмөт үйүндө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору эртең мененки 8:00дөн баштап иштеп жатат. Кечки 20:00гө чейин чалууларды кабыл алат.

Шайлоочулар электр жарыгынын, интернеттин жоктугу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тараптан бет кап режиминин, санитардык ченемдердин сакталбашы жана башка мыйзам бузуулар болсо ишеним телефондоруна чалса болот.

Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.

Бул номурларга чалуулар «Кыргызтелеком» ААКтын Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM