Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда саат 09.00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди.
Ал өзүнүн жарандык милдетин Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде (№5) жайгашкан № 1327 шайлоо участогунда аткарды.
Кыргызстанда бүгүн, 4-октябрда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өнөктүгү өтүп жатат. Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00де ачылган.