Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: «Биз өтөбүз. «Өтпөй калсаңыздар эмне кыласыз?» -деген суроону бербеңиздер»

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 1616 | 0

«Бир бол» саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Бишкек шаарындагы №1219 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Сулайманов журналисттерге шайлоо тууралуу комментарий берип: «Бүгүнкү күн майрамдай болушу керек. Менин да маанайым жакшы, бир аз толкунданып турам. Шайлоонун таза өтүшүнө форма-2 шек жаратты. 500 миңге жакын адам бул аркылуу арыз бергени кооптонтту. Ошого карабай, аракет кылуудабыз», — деп билдирди.

Ошондой эле, «Биз өтөбүз, буюрса. «Өтпөй калсаңыздар эмне кыласыздар?» деген суроону бербеңиздер», — деп кошумчалаган.

Бүгүн өлкөдө парламенттик шайлоо өтүүдө. Ага 16 саясий партия катышып жатат.

Саат 10: 00гө карата өлкө аймагында жана чет мамлекеттерде жалпысынан 236 миң 921 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 6 пайызын түзөрүн БКШнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Жалпы 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. 437 миң адам биометрикалык маалыматын тапшырбагандыктан шайлоого катыша албайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM