Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 244 кишиден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 428 | 0

Кыргызстанда 4-октябрга карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1066 адамды түздү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин жаңы 244 учуру катталды. Жаңы учурларды аймактар боюнча алып караганда төмөнкүдөй бөлүнөт:

— Бишкек шаарында — 26 учур;
Ош — 25;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 62;
Талас облусу — 2;
— Нарын облусу — 3;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 79;
Баткен облусу — 33.

Өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 47 миң 428ге жетти.

Стационарда 1078 бейтап дарыланууда, үй шартындагы дарыланууда 1411 адам бар.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар 140 киши:

— Бишкек – 9;
— Ош шаары – 25;
— Чүй облусу – 4;
— Ош облусу – 43;
— Нарын облусу – 11;
— Талас облусу – 2;
— Ысык-Көл облусу – 4;
— Жалал-Абад облусу – 17;
— Баткен облусу – 25.

Жалпы айыккандар — 43 миң 418 киши.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM