Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2020: Өкмөт башчы Боронов добуш берди

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 322 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиясында жайгашкан № 1105 шайлоо участкасында добуш берди. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, шайлоо тынч маанайда өтөрүнө ишенимин билдирди.

Өкмөт ачык, таза жана атаандаштыктын негизинде шайлоо өткөрүүгө бардык шарттарды түзүп бергенин айтты.

«Бүгүн биз жакынкы беш жылда республиканын саясий күн тартибин аныктоочу партияларды тандайбыз. Өкмөт шайлоочулар добуш берген партиялар менен биргеликте экономиканы өнүктүрүү жана жарандардын бакубаттуулугун жакшыртуу үстүндө иш алып барат», – деди Боронов.

Өкмөт башчы өлкөдө шайлоо процесси санарип технологияларын пайдалануу менен өтүп жатканын кошумчалады. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM