Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды. Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, облус башчысы Алишер Абдрахманов Баткен шаарындагы №8074-шайлоо участкасында добуш берди.
Пандемияга байланыштуу шайлоо участкаларында жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн.
Бул күнү коомдук тартипти камсыз кылууга 622 милиция кызматкери тартылган.
Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы, 284 265 шайлоочу бар.