Биз менен байланышыңыз

Бекматов: 11 саясий партияга оозеки эскертүү берилди

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 340 | 0

БШКнын алдында түзүлгөн жумушчу топ үгүт иштеринин жүрүшүндөгү кайрылууларды кароо боюнча жалпысынан 22 отурум өткөргөн.

Маалымдоо жана үгүт иштерин чагылдыруу боюнча 224 ЖМК аккредитациядан өткөн.

Мамлекеттик ТРК, мезгилдүү басылмалар тарабынан акысыз эфирдик убакыттар мурда 1 сааттан берилсе, бул жолу 1-3 саатка чейин берилген.

«Теледебаттарды көрдүңүздөр. Теледебат үчүн башкача форматты — саясий партиялардын жаштар канатынын жана айым талапкерлердин дебаты иштелип чыкты. Бул — саясий талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлгөндүгүнүн белгиси», — деди Бекматов.

Анын айтымында, үгүт иштерин жүргүзүү маалында 11 саясий партияга оозеки эскертүү берилген. Эки партия боюнча материалдар укук коргоо органдарына  өткөн.

Бузуулар кодексинин негизинде 129 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Мындан сырткары «Чоң казат», «Кыргызстан» партияларына жазуу түрүндө эскертүүлөр берилген.

БШК менен Саламаттыкты сактоо министрилиги иштеп чыккан алгоритмдин негизинде, дене табы көтөрүлгөн жаран шайлоого катышарын айтып, тиешелүү арыз менен кайрылуусу керек. Алардын 24 миңи добуш берүү тилкелеринин сыртында добуш берди.

«Шайлоо участкасына келгенде дене табы көтөрүлгөн жарандар саат 18:00дөн кийин добуш берүүгө катыша алат. Кабина обочолонуп, дезинфекцияланат. Мындай алгоритм Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыкты», — деди Бекматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM