Биз менен байланышыңыз

Кулатов айылына башка аймактын шайлоочуларын ташыгандар болууда (видео)

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 4 Окт 2020 | 680 | 1

Ноокат районунун Кулатов айылындагы шайлоо участогуна башка аймактан шайлоочуларды ташып келүү иштери байкалган. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Нургазы Жамалдинов «Маралга» билдирди.

Жамалдиновдун айтымында, №5439 участокто 500дөй адам Форма-2 менен каттоого турган. Кулатов айылынын маданият үйүндө жайгашкан шайлоо участогуна бүгүн эртең менен эле башка аймактан топ-топ болгон шайлоочулар келген. Анын жеке байкоосунда, келген адамдар Кызыл-Кыя шаарында жашаган өзбек улутундагы шайлоочулар болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүүдө. Ага 16 партия катышууда. Шайлоочулар үчүн жалпы 2474 добуш берүү участогу уюштурулган. Добуш берүү кечки саат 20:00гө чейин уланат. Ал эми чет өлкөдөгү шайлоо участокторунун иштөө сааты жергиликтүү убакытка карап белгиленет.

View this post on Instagram

Кулатов айылы: Айрым партиялар Кызыл-Кыядан шайлоочуларды ташууда ___________________________________ Ноокат районунун Кулатов айылындагы шайлоо участогуна башка аймактан массалык түрдө шайлоочуларды ташуу аракети байкалган. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Нургазы Жамалдинов "Маралга" билдирди. Жамалдиновдун айтымында, №5439 участокто 500дөй адам Форма-2 менен каттоого турган. Кулатов айылынын маданият үйүндө жайгашкан шайлоо участогуна бүгүн эрте менен эле башка аймактан топ-топ болгон шайлоочулар келген. Анын жеке байкоосунда келген адамдар, Кызыл-Кыя шаарында жашаган өзбек улутундагы шайлоочулар болушу мүмкүн. ✍️ @arstanovna92

A post shared by Maral FM 📻 (@radio_maral) on

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    04.10.2020 11:30

    Менин айылым позор, сатылсанар, саткындар ким экенин коруп турасынар, аларга кыргызстандын келечеги баары бир, убактысы келсе ата мекенине кочуп кетип калат. Башка жаттарды киргизбегиле.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM