Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2020: Партиялар 557,05 млн сом сарптады

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 356 | 0

Парламенттик шайлоо алдында саясий партиялар 2 банк аркылуу эсеп ачып, фонддорун түзүштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Батырова маалымат жыйынында айтты.

«РСК» жана «Айыл банктарда» саясий партиялардын эсебин ачууга көзөмөл жүргүзүлдү. Партиялар тарабынан шайлоо фондундагы каражаттарды пайдаланууга, финансылык очеттуулукту камсыздап, шайлоо фонддоруна түшкөн акчанын ачык-айкындуулугун бекитүүдө иштерди алып бардык. Саясий партиялар менен иштештик. Аларга тренингдер өткөрүлдү», — деди Батырова.

Фондго акчалар улуттук валютада кабыл алынды. Талапкер 1,5 млн сом, жеке жактар 200 миң сомдон, юридикалык жактар которгон каражат 3 млн сомдон ашпашы керек.

Батырованын айтымында, чектен ашкандар болду, алардын каражаты кайтарылып берилди. Негизинен чектик сумма 3,5 млн сомду түзөт. Бир да партия ага жеткен жок.

Шайлоону өткөрүүгө карата иштелип чыккан алгоритм

Шайлоо фонддорун каржылоонун айкындуулугу тууралуу маалыматтар БШКнын сайтында бар.

Партиялар шайлоо өткөн соң 10 күндөн кечиктирбей 3-жыйынтыктоочу финансылык отчеттерду БШКга берүүгө тийиш.

Жалпы партиялардан 569,63 млн сом түштү, 557, 05 млн сом сарпталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM