Connect with us

Шайлоо-2020: Президент Жээнбеков добуш берди

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 522 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда саат 09.00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди.

Ал өзүнүн жарандык милдетин Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде (№5) жайгашкан № 1327 шайлоо участогунда аткарды. Андан кийин элге кайрылуу жасады.

«Шайлоо өнөктүгү аяктап, добуш берчү күн да келди. Биз шайлоонун адилет өтүшү үчүн баарын жасадык. Бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Бир дагы партияга артыкчылык берилген жок, бир дагы партияга кысым көрсөтүлгөн жок. Жаңы партиялардын шайлоого тең ата катышуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү», — деди президент.

Жээнбеков мамлекеттик телерадиоканалдарда партиялардын дебаттары кеңири берилип турганын, саясий көз карашын, программасын, сын пикирин айтуу боюнча эч кандай чектөө болбогонун, анын жыйынтыгында, үгүт өнөктүгү курч атаандаштык менен өткөнүн белгиледи.

Ал кыргызстандыктарга кайрылып, бүгүн өлкөнүн жакынкы беш жылдыктагы эле тагдыры чечилбестигин айтты.

«Мен мекендештериме дагы бир ирет, буга чейин айтып келген чакырыктарымды кайталап кетейин. Бүгүн баарын тең шайлоочунун добушу чечет. «Менин добушум эмнени чечет эле?» — деп, кайдыгер кол шилтеп койбой, ар бирибиз үйдөн чыгып, өз добушубузду берели. Биздин шайлообузга өлкөбүздүн жарандары гана эмес, дүйнө коомчулугу назар салып турат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эч кимдин шек саноосун жаратпашы керек. Биз үчүн коомдун стабилдүүлүгү, элибиздин тынчтыгы — баарынан бийик. Жогорку саясий маданиятыбызды көрсөтөбүз  деп үмүттөнөм. Ушул шайлоо — мекенибизге дагы бир, кошумча эл аралык аброй алып келет деп ишенем», — деп жыйынтыктады президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүүдө (түз эфир)

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM