Кыргызстанда шайлоочулардын 48%ын аял кишилер, 52%ын эркек кишилер түзөт. Ал эми 30 жашка чейинки жаш шайлоочулар 29%ды түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.
Быйыл парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышууда, алардын 1 миң 957 талапкери катталган. Анын ичинен 57 талапкер ар кандай себептер жана өздөрүнүн берген арызына ылайык, тизмеден чыгарылган.
Талапкерлердин 618и аял кишилер.
Бүгүн, 4-октябрда добуш берүү күнү Өкмөт үйүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору иштейт.
Добуш берүү күнү шайлоочулар электр жарыгынын, интернеттин жоктугу, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана байкоочулар тараптан беткап режиминин, санитардык ченемдердин сакталбашы жана башка мыйзам бузуулар болсо ишеним телефондоруна чалса болот.
Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.
Белгилей кетүүчү жагдай, бул номурларга чалуулар «Кыргызтелеком» ААКнын Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.