Биз менен байланышыңыз

Covid-19: Борбор Азияда абал кандай?

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 268 | 0

Казакстан

Акыркы сутканын ичинде Казакстандын аймагында дагы 62 адам коронавирус менен катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, муну менен пандемия башталгандан бери жалпы 108 106 адамга коронавирус жуккан.

Тажикстан

Тажикстандын аймагында 30-апрелден тартып 2-октябрга чейин 9852 адамга коронавирус жуккан. Акыркы суткада 41 адамдан оору аныкталды.

Расмий маалымат боюнча, оору жуккандан кийин 77 бейтап көз жумду. Жалпы 8 661 адам коронавирустан дарыланган.

Өзбекстан

Өзбекстандын аймагында акыркы сутканын ичинде коронавирус менен жаңы 486 бейтап катталды. Муну менен коронавирус жалпы 57 миң 924 адамга жукту.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир суткада 3 бейтап каза болду. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуккан 475 бейтап көз жумган.

Учурда жалпы 54 миң 456 адам айыкты. Бул жалпы сандын 94 пайызын түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM