Биз менен байланышыңыз

Теледебатта Ташиев менен Кочкоров кайым айтыша кетти

Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 9713 | 0

Парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын 2-октябрдагы теледебатында «Мекенчилдин» лидери Камчыбек Ташиев менен «Биримдиктин» талапкери Улукбек Кочкоров кайым айтыша кетти. Анда Ташиев берилген суроолорго «Биримдик» партиясы дароо программасы аркылуу окуп жооп бергенин айтып, алдын ала билген окшойт деп шек санады. Улукбек Кочкоров аталган программаны өзү жазганын айтты.

-2 жылдан бери ушул программаны даярдап келдим. Партиялаштарыбыз менен карап чыктык.

Ташиев: -Ошол программаңардын артынан 1500 адам каза тапты. Силер улуттун өмүрүн сактап кала алган жоксуңар. 600 миң долларды туура колдонсоңор, 120 оорукана салып кое алмаксыңар. Мамлекет 1 да оорукана салган жок. Мына силердин программаңар, мына силердин ишиңер.

Кочкоров: -Мамлекеттүүлүк жөнүндө кабары жок адам га ушинтип айтат. Пандемиянын айынан 32 млрд сом бюджетке түшпөй калды. Мен башкарган министрликте айына 1 млрд сом жөлөк пул катары төлөнүп жатат. Бул сыяктуу канчалаган чыгымдар бар. Депутат болуп келсем, ошол 600 миң доллардын тыйынына чейин изилдеп, териштирүү демилгесин көтөрөм.

Ташиев: -Сиз министр болуп турдуңуз. Пандемияда менин бир тууган агам каза болду. Силер жакшы иштеп, дары менен камсыз кылганыңарда, алар тирүү калмак. Биз силерди кунөөлөшүбүз керек. Премьер-министрди, сизди жоопко тартуу керек.

Кочкоров: -Мен өкмөт башчы же финансы министри эмесмин. Ошол пандемияда менин да 3-4 тууганым каза тапты. Ошол үчүн 600 млн доллардын коротулушун билүүгө мен да кызыкдармын. Ким күнөөлүү болсо, жоопко тартабыз.

Ташиев: -Мамлекеттик башкарууну түшүнбөгөндөр дедиңиз. Мен министр болуп турганда сиз кичине бала элеңиз. Ошондуктан сиз менден көп биле албайсыз.

Кочкоров: -Сиз министр болуп турганда, мен бөлүм башчысы элем. Көп болсо менден 4 жашка улуусуз.

Партия лидерлеринин теледебатынын 2-октябрдагы айлампасында «Мекенчил», «Замандаш», «Биримдик», «Бүтүн Кыргызстан», «Ооган согушунун ардагерлери» жана «Чоң Казат» партияларынын төрагалары талкууга катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM