Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Мечитте уурулук кылган адам 7 жылга эркинен ажыратылды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 475 | 0

Өзбекстанда мечитте уурулук кылып жатканда кармалган адам 7 жылга эркинен ажыратылды.

Шектүү Кашкадарыя облусуна караштуу Карши шаарындагы “Нава” мечитинде уурулук жасап жаткан учурда кармалган.

Маалыматка караганда, анжияндык тургун 2019-жылы жайында Ташкент, Самарканд, Жизак жана Фергана облустарында мечиттерге келген кишилерин мобилдик телефондорун, капчык жана документтерин уурдаган.

Тергөө учурунда ууру мурда беш жылга соттолуп чыкканы аныкталды.

Copyright © 2017 Maral FM