Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 16 адамдын абалы өтө оор

Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 633 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 16 адамдын абалы өтө оор, алар реанимацияда жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун Нурболот Үсөнбаев брифингде кабарлады.

Ооруканаларда жаткан 667 адамдын абалы орточо оор, 194ү оор жана 16 адам өтө оор абалда.

Кыргызстанда 2-октябрга карата коронавирустун жаңы 215 учуру катталды. Анын эң көбү – 63 учур Баткенде, 40 учур Жалал-Абадда катталды.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 28 медициналык кызматкер коронавируска кабылды. COVID-19 вирусун жалпы 3294 медик жуктуруп алган, анын 3029у айыкты.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 47 миң 56ны түзөт. Алардын ичинен 43 миң 137 киши айыкты, 1 миң 65 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM