Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 28 медик коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 344 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 28 медициналык кызматкер коронавируска кабылды:

Бишкекте — 8, Ош шаарында — 4, Ош облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 9 учур.

Ал эми бир суткада эки медициналык кызматкер айыгып ооруканалардан чыгарылды. Үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган.

COVID-19 вирусун жалпы 3294 медик жуктуруп алган, анын 3029у айыкты.

2-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 47 миң 56ны түзөт. Алардын ичинен 43 миң 137 киши айыкты, 1 миң 65 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM