Биз менен байланышыңыз

Үч-Коргон ГЭСин тез арада модернизациялоо керектиги айтылды

Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 286 | 0

Үч-Коргон ГЭСин тез арада модернизациялоо керектигин «Электр станциялары» ишканасы билдирет. Маалыматка караганда, ГЭСтин №3 гидроагрегатында профилактикалык иштерди жүргүзүп жатканда дөӊгөлөктүн бир парасында бузук бар экендиги аныкталган.

Параны калыбына келтирүүгө 2-3 жума керектелет. Азыркы учурда Үч-Коргон ГЭСинде 3 гидроагрегат иштеп жатат. Ал өлкөнүн энергия тутумунун жүгүнүн белгиленген режимин камсыз кылуу үчүн жетиштүү.

Учурда жумушчулар бузулган параны калыбына келтирүүгө киришкени кабарланды.

«Электр станциялары» ишканасынын маалыматына караганда, паранын бузулушунун негизги себеби — гидроагрегаттын эскирип, такыр жешилип калышы саналат. Үч-Коргон ГЭСи 1961-жылы эксплуатацияга берилип, андан бери дээрлик 60 жыл модернизация жүргүзүлгөн эмес.

«Буга байланыштуу Үч-Коргон ГЭСи реконструкциялоо жана модернизацияоо боюнча долбоорлорду тез арада ишке ашыруу керек. Азыркы учурда долбоор боюнча каржылоо, консультантты жана буйрутма аткаруучу уюмду тандоо маселелери иштелип жатат», — деп билдирет ишкана.

ГЭСтин долбоордук белгиленген кубаттуулугу 180 МВт. Агрегаттын жалгыз кубаттуулугу 45 МВт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM