Президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого байланыштуу элге кайрылды.
Анын айтымында, шайлоону өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы, Өкмөттө түзүлгөн республикалык штаб, жергиликтүү шайлоо комиссиялары мыйзам алкагында өз милдеттерин аткарып жатышат. Үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү.
Президент эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келгенин айтат.
“Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл. Ушул максатка жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү”, -дейт өлкө башчы.
Жээнбековдун айтымында, шайлоо адилеттиги — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылынды.
Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормалар кирди.
Саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бирдей шарт түзүлдү.
Жээнбеков шайлоодон кийин жеңилген тараптарды жеке амбициясына алдырып, элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирбөөгө чакырды.
“Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы”, -деп эскертти өлкө башчы.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталган. Шайлоого быйыл 16 партия катталган.