Биз менен байланышыңыз

Баткенде карыяларга колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгы жарыяланды

Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 353 | 0

Баткен облусунда улгайган курактагы жарандарга колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

1-октябрь Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Улуу ата мекендик согуштун ардагерлери, 101 жаштагы Ашир Рахматов, 100 жаштагы Садык Бурханов жана Масеит Исаев, Анарбай Темиров аксакалдардан кабар алды.

Ал карыялардын ар бирине өзүнүн резервдик фондунан 2 миң сомдон акчалай колдоо көрсөттү.

Учурда Баткен облусунда 100 жаштан ашкан 22 карыя бар. 90 жаштан 99 жашка чейин 73 ардагер бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM