Биз менен байланышыңыз

Быйыл 60 мектептин курулушу бүтөт

Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 272 | 0

Быйыл 60 мектептин курулушу жана капиталдык ремонту аягына чыгат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 1-октябрдагы брифинг учурунда билдирди.

Республикалык бюджеттин эсебинен 53 мектеп курулууда. Алардын ичинен 14ү коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгында кайтарылган каражаттардын эсебинен бүткөрүлдү. Дагы 4 объектини Саудия өнүктүрүү фонду каржылады.

«2020-жылы 97 мектеп үчүн мамлекеттик бюджеттен 958 млн сом каралган, анын ичинен 748 млн сому бөлүндү. 110 млн сом Бирдиктүү депозит эсебинен алынып, 3 объектини чыгымдары толугу менен төлөндү. Бул 1,5-2 миңге чейин окуучулар окуй турган өтө чоң мектептер. Дагы Саудия өнүктүрүү фондунун 30 млн сомуна мектептер салынып жатат», — деди Боронов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM