Биз менен байланышыңыз

Өкмөт шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык аракетин көрөт

Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 563 | 0

Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процессин ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Ал ошондой эле № 2 форма боюнча бир шайлоочунун ар башка жерден добуш берүүсүнө автоматташтырылган система жол бербей турганын айтты.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия каттаган шайлоочулардын саны 3 млн 523 миң 554тү түздү.

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлерге шайлоо алдындагы процесстерге кийлигишпөө керектигин эскертти.

«Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесине ылайык, үгүт иштерине катышпоого жана административдик ресурсту пайдаланууга тыюу салынган. 2015-жылдагы шайлоодон кийин шайлоо мыйзамдарынын ичинде үгүт иштеринде административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларды добушун сатып алуу сыяктуу иштерге катуу санкциялар киргизилген. Мыйзам бузуу болгон жок дегенден алысмын, бирок өлкөдө абал тынч», — деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катталган. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталган.

Copyright © 2017 Maral FM