Биз менен байланышыңыз

Шайлоо учурунда коомдук тартипти 10 миңдей милиция камсыздайт

Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 558 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоо өткөрүүгө 29-сентябрга карата 478 млн сом которулган. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, шайлоого республикалык бюджеттен 723 млн сом каралган. Шайлоо тилкелери жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттар, беткаптар менен толук камсыздалды.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан шайлоо учурунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо боюнча  алгоритм иштелип чыккан.

Парламенттик шайлоону 91 телеканал, 27 радио, 59 гезит-журнал жана 77 интернет басылмалары чагылдырат.

Шайлоо күнү шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция кызматкери карайт. Милиция кызматкерлери 1-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Андан тышкары элдик кошуундар да иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM