Биз менен байланышыңыз

Баткен: Бир топ адамды сүзүп кеткен айдоочуга иш козголду (видео)

Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 513 | 0

Ички иштер министрлиги Баткенде кичиавтобус менен бир топ адамды койдуруп кеткен окуяны иликтеп жатат.

Бүгүн интернетте кичи автобустун айдоочусу элди тебелетип жаткан видеосу тараган эле.

ИИМдин маалыматына караганда, 25-сентябрь күнү кечки саат 20.00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө жашыл түстөгү «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү спринтердин айдоочусу Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Бул факты Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” (266) беренеси менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Айдоочунун аты-жөнү такталды. Аны кармоо аракети көрүлүүдө.

Алдын ала маалыматка караганда, алар чогуу спирт ичимдиктерин ичишкен. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM