Биз менен байланышыңыз

Президент пандемия учурунда иштегендерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 906 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда медиктерге жана коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекеттик сыйлыктар дарыгерлерге, пандемия менен күрөшкө тартылган куткаруу кызматынын, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттерине, журналисттерге тапшырылды.

Сооронбай Жээнбеков илдет менен күрөшкөндөрдүн каарман эмгектери менен таза ниеттерине бүткүл өлкө күбө болгонун белгиледи.

«Сиздер журтубузга түшкөн оор күндөрдү бийик абийир, ар намыс, жогорку атуулдук милдет менен өткөрдүңөр. Күнү-түнү тыным көрбөй, чарчадым чаалыктым дебей, өзүңөргө, ата-энеңерге, балдарыңарга, жакындарыңарга болгон коркунучка карабай, катаал илдет менен кармаштыңар», — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM