Биз менен байланышыңыз

Блогер Сыдыман: акыркы окуялар мени жакшы жакка өзгөрттү

Инстаграм баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, түндүк-түштүк маселесин козгоп, элдин нааразычылыгын туудурган, Сыдыман аты менен таанылган блогер Элмир Сыдымановтун иши дагы деле тергөөдө. Бул тууралу блогер Марал радиосуна байланышып төмөндөгүдөй оюн билдирди:

-Соттук экспертиза кайрадан каралып жатат, жыйынтык чыга элек, бул окуя мени жакшы жакка өзгөрттү, мыйзамдарды жакшы билип калдым десем болот. Айтор, көп нерсени сүйлөбөш керек экен. Бизде мыйзам бар турбайбы, эгерде башка мамлекетте болсом мурдагыдай эле түз эфирлерди жасай бермекмин. Азыркы учурда менин жакшы жакка өзгөргөнүмдү сырттан карагандар жакшы  билсе керек.

Эске салсак 1997-жылы туулган Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин 313-беренеси (рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча камака алынып, кийин кайрадан үй камагына чыгарылган.

Блогер Сыдыман үй камагына чыгарылды

 

Copyright © 2017 Maral FM