Биз менен байланышыңыз

Боронов: Быйыл суунун көлөмү аз болот

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 318 | 0

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов күз-кыш мезгилинде калкты жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз негизде камсыз кылууну тапшырды.

30-сентябрда өкмөт 2020-2021-жылкы күз-кышка жылытуу мезгилине даярдык маселесин талкуулады.

Бороновдун айтымында, быйыл өлкөдө суу аз болот, бул абал бир канча убакытка созулушу мүмкүн.

«Коронавирустук инфекцияга каршы күрөш улантылып жаткандыгына карабастан, күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык сапаттуу жана өз учурунда жүргүзүлүшү керек. Бул жыл вируска байланыштуу абалды эске алуу менен өлкө үчүн жооптуу болот. Быйыл адистердин божомолу боюнча, республикада суунун аз болушу күтүлүүдө, ал бир нече жылга созулушу ыктымал. Келерки жылы суу мындан да аз болушу мүмкүн. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жылдагыдан аз. Бул жергиликтүү жана ташылып келинген көмүрдүн, мазут жана газдын тийиштүү көлөмүн камсыздап алуу керектигинен кабар берет. Бардык факторлорду эске алуу менен, калкты жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз негизде камсыз кылуу боюнча ар бир маселе боюнча тыкыр даярдык көрүү зарыл. Финансы министрлиги бюджеттин киреше бөлүгүндөгү чыгымдарга карабастан, жылытуу мезгилине карата даярдыктарды каржылоо маселесин ыкчам тартипте чечүүсү зарыл. Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдар электр эңнергиясынын альтернативдик булактарын карап чыгуусу жана электр энергиясын пайдалануунун белгиленген лимитин тыкыр сактоосу керек», – деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы жыл сайын техникалык жана коммерциялык чоң жоготуулар жөнүндө айтылып келгени менен абалды өзгөртүүгө багытталган тутумдуу кадамдар жок экенин сындады.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов энергетикалык тутумдун иши жана келерки жылытуу мезгилине даярдык боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

«Көмүр ташуучулар менен келишимдер түзүлгөн жана ал иштер башталган. Аймактарда калк, бюджеттик уюмдар, жана башка ири керектөөчүлөр үчүн ташылып келинүүчү көмүр алдын ала бөлүштүрүлдү. Республика боюнча 768 отун базасын жана көмүр сатуу пункттарын ачуу пландаштырылууда. Мазут жана газды керектөө боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн. Электр станцияларын, от казандарын, электр жана жылуулук тармактарынын жабдууларын оңдоо иштери график боюнча жүрүүдө. Күтүлүп жаткандай, эртең Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,9 млрд метр кубду түзөт», – деди Эмил Осмонбетов.

Боронов өлкө аймактарын көмүр менен камсыз кылуудагы кемчиликтерди да сындады. Ал отун базалары калкты арзан баада көмүр менен камсыз кылышы керектигин тапшырды.

Ошондой эле көмүрдүн баасын көзөмөлдөө, ортомчулардын кымбаттатышына жол бербөөнү эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM