Ош облустук милициясы облуста санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштады.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Кара-Суу районунда “Эльдорадо гранд” рестораны жана Дыйкан-Кыштак айылындагы “Кербен” ресторанында эреже бузуулар аныкталган.
Бул факты боюнча Жоруктар кодексинин 127-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
27-сентябрдан тарта жергиликтүү бийлик жана тармактык органдар санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышына көзөмөлдү күчөттү.
Бишкекте, өлкөнүн башка аймактарында да коомдук жайларда,эл көп чогулган жерлерде рейддер жүргүзүлүүдө.