Биз менен байланышыңыз

Арменияда 18-55 жаш аралыгындагы эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 497 | 0

Армениянын Коргоо министрлиги 18 жаштан 55 жашка чейинки армян эркектерине өлкөдөн уруксатсыз чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу Sputnik Армения билдирди.

55 жашка чейинки жарандар арасында аскердик мобилизация башталгандыгы маалымдалды. Мындай чечим өлкөдөгү аскердик кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.

Эске салсак, 27-сентябрда Тоолуу Карабакта армян жана азербайжан аскер күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Эки күнгө созулган кагылышууда 59 армян аскери жана эки карапайым адам курман болду. Жүздөгөн адамдар жаракат алган.

Азербайжандын Коргоо министрлиги кагылышуу учурунда Армения 550 аскерин жоготконун билдирди.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тоолуу Карабактагы окуяларды талкуулады.

Буга чейин ал армяндарга өлкөнүн армиясы жооп кайтаруу үчүн колдон келгендин барын жасаарын айткан. Эки тарап тең кагылышуу үчүн бири-бирин күнөөлөп келет.

Copyright © 2017 Maral FM