Биз менен байланышыңыз

Жапаров Кыргызстандагы аскерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 29 мая 2021 | 892 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады. Өлкө башчысы өз куттуктоосунда аскер күчтөрүнүн тайманбастыгын, эр жүрөктүгүн өзгөчө белгилеп, сырты душмандардан коргой аларына терең ишенимин билдирди.

-Мамлекеттин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана республикабыздын конституциялык түзүлүшүн ишенимдүү коргоо үчүн Куралдуу Күчтөрдүн аскердик потенциалын жогорулатышыбыз керек. Биз эки багытка көңүл бурушубуз кажет. Биринчиден, армияны тоолуу шарттарда аскердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн толук даярдалган жана технологиялык жактан жабдылган атайын бөлүктөрдүн принциби боюнча уюштуруу, экинчиден, чек ара аймактарында жашаган калктын мобилизациялык жогорку даярдыгын камсыз кылуу жана аскердик коркунучтарга, кол салууларга каршы олуттуу күчтөрдү топтоо үчүн элдик кошуундарды түзүүгө өтүү,-деди президент.

Эскерте кетсек, 29-май Кыргызтанда куралдуу күч кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет.

Copyright © 2017 Maral FM