Биз менен байланышыңыз

ДССУ коронавирустун өлүмү боюнча статистикага шектенүүсүн билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 352 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ден соолукка байланыштуу программасынын директору Майкл Райан коронавирустун өлүмү боюнча статистикага шектенерин  билдирди.

Анын айтымында, вирустан каза болгондор боюнча расмий маалыматтар чыныгы көрсөткүчтөн төмөн. Коронавирус инфекциясынан ажал тапкандардын бары катталган эмес.

ДССУнун өкүлү ошондой эле башка оорулар же кырсыктар коронавируска байланыштуу эмес экендигин белгиледи.

Буга чейин Райан коронавирустун курмандыктарынын саны дүйнө жүзү боюнча эки миллионго жетиши мүмкүн экенин, 9 айда 1 миллион адам коронавирус инфекциясынан каза болгонун айткан.

Ал кошумчалагандай, вакцинаны иштеп чыгуу үчүн тогуз ай талап кылынат жана ушул убакыт аралыгында дагы бир миллион адам өлүшү мүмкүн.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирустук инфекциялардын саны дүйнө жүзү боюнча 33,4 миллиондон ашып, 1 миллиондон ашуун адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM