Биз менен байланышыңыз

Венгрия кыргыз студенттери үчүн берүүчү квотасын көбөйтөт

Кыска кабар | 27 Сен 2020 | 716 | 0

Венгрия Кыргызстандын студенттери үчүн бөлө турган квотасын көбөйтөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маегинде айткан. Анда өткөн жылы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында 25 орундан 75ке көбөйтүлгөн. Эми президенттин Венгрияга жасай турган расмий иш сапардын алкагында квотаны 150 орунга чейин көбөйтүү каралууда.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 28-29-сентябрь күндөрү иш сапары менен Венгрияда болот. Аталган визит Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен ишке ашат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын чыгарган рейтингине ылайык, Венгрия билим берүү деңгээли боюнча дүйнөдө 39-орунда, ал эми Кыргызстан 67-катарда.

Copyright © 2017 Maral FM