Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Парламентке 5-6 партиянын келишин каалайм

Кыска кабар | 26 Сен 2020 | 991 | 0

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» кезектеги маегин берди. Анда өлкө башчыга бир топ суроолор узатылып, анын ичинен актуалдуу болуп жаткуан шайлоого байланыштуу суроолорго да токтолуп кетти.

Президент өз сөзүндө шайлоонун ачык-айкын, таза өтөрүн дагы бир жолу кайталап, буга чейин болгон эки жолку элдик толкундарга шайлоо себеп болгонун эскертти.

 Кооптонууларды мен туура түшүнөм. Биздин өлкөдөгү эки элдик толкундоонун негизги себеби мына ушул шайлоо болгон. Ал окуялар, биринчи кезекте, бизге — бийликтегилерге чоң сабак болуш керек. Ошондуктан, шайлоонун ачык, адилеттүү, таза өтүшүнө биринчи кезекте мен Президент катары кызыкдармын. Талаша турган эч нерсе жок. «-жок деп билдирди.

 

Ошондой эле: «Мамлекетчил депутаттарыбыз көп болот деген менин терең ишеничим бар.
Мен “тигил, бул” деп партияларды атаганым туура эмес болуп калат, ачык үгүттөө болуп калат, аны билесиз.
Бирок, парламентке 5-6 партиянын келишин каалайт элем деп айтат элем. Эмне үчүн дегенде бул өлкө үчүн керек, туруктуулук үчүн керек.
Ошол үчүн 9 пайыз эмес, 7 пайыздык босогону колдогонумдун негизги себеби дал ушул болгон – парламентке канчалык көп партия келе алса, бул өлкө үчүн утуш болот. Бул эми элибиздин колунда. Элибиз, биздин шайлоочуларыбыз кандай добуш берсе, ошондой жыйынтык болот. А биз ачык-айкын, таза шайлоону, буйруса, өткөрүп беребиз»-деп кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM