4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого карата Кыргызстандагы шайлоочулардын жарымынан көбү административдик ресурстар колдонулуп, добуш сатып алуу ыктымалдуулугу жогору деп эсептейт. Мындай маалымат «Жалпы иш» коомдук фонду жүргүзгөн сурамжылоодо белгилүү болгон.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Кыргызстандагы шайлоочулардын 66% добуш сатып алуу ыктымалдуулугу жогору экенин, 53% административдик ресурс колдонуларын билдирет. Мындай маалымат «Жалпы иш» коомдук фонду 7-сентябрдан 15-сентябрга чейин жүргүзгөн сурамжылоонун 2-этабында белгилүү болгон. Бул сурамжылоо мобилдик телефон аркылуу, 18 жаштан жогорку шайлоого укугу бар 1202 респонденттен алынганын «Жалпы иш» коомдук фондунун маалымат катчысы Нураим Манапбаева билдирди.
— “Жалпы иш” коомдук фонду тарабынан алдыдагы парламенттик шайлоого карата жарандардын көз караштары боюнча сурамжылоонун 2-этабы жүргүзүлдү. Анын максаты — жарандарыбыз шайлоо жөнүндө кандай ойдо, канчалык маалыматы бар, ага катышууга даярбы жана башкаларды аныктоо. “Жалпы иш” жүргүзгөн сурамжылоону толук, кенен форматта биздин сайттан окуса болот, — дейт маалымат катчы.
Манапбаева кошумчалагандай, бул фонддун жүргүзгөн сурамжылоосунун башкы максаты жарандардын шайлоо укугу боюнча билимдүүлүгү, шайлоо процессинде эң көп талкууланган маселелер боюнча алардын оюн билүү болгон.
Аталган фонд буга чейин сурамжылоосунун 1-этабын жарыялаган болчу. Ал ушул жылдын 24-августунан баштап, 4-сентябрына чейин жүргүзүлүп, жыйынтыгында шайлоого катышуу ниети бар жарандар 74 пайызды түзсө, экинчи этапта бул көрсөткүч 3 пайызга өсүп, 77 пайызды түздү.
Бул жолку сурамжылоодо белгилүү болгондой, катышкан жарандардын 24% кайсы партияга добуш беришин анык билет, бирок 51% тандоодон кыйналып турганын айткан. Ал эми баарына каршы ниетин билдиргендер 12 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч биринчи этапка караганда жарандардын кайсы партияга берерин аныктаган учур көбөйгөнүнөн кабар берет.
Сурамжылоонун жүрүшүндө респонденттердин 31 пайызы добуш берерде партиянын программасына, 25 пайызы талапкерлеринин тизмесине, 17% партиянын же депутаттын репутациясына карай турганын билдирет. Ал эми эмнесине карап добуш берерин билбегендер 30 пайызды түзгөн.
Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын 55 пайызы шайлоо процессинде «административдик ресурстарды пайдалануу ыктымалдуулугу жогорку деңгээлде болот» деп эсептесе, 66 пайызы «добуш сатып алуу ыктымалдуулугу жогорку деңгээлде болот» деп жооп беришкен.
Бул парламенттик шайлоонун таза өтөрүнө элдин ишеними өтө төмөн экенинен кабар берет. Мындай пикирди саясат талдоочу Эмил Жураев билдирди.
Анын айтымында, «Форма-2» менен катталган жарым миллион шайлоочунун 400 миңи ар кайсы партияга добушун саткан болушу мүмкүн. Добушту соодалоо боюнча сурамжылоодо дагы респонденттердин 37 пайызына сунуш түшкөн болсо, 17 пайызына “Форма-2” менен башка аймактагы участкага туруу, ал үчүн акчалай же материалдык «белек» сунушталганы белгилүү болгон.
— Шайлоо анчейин таза эмес болуп калары бүгүнкү күндө эле белгилүү болуп олтурат. Жарым миллион шайлоочунун башка жерлерге которулуп кеткенинин өзү — өтө коркунучтуу абал. Чындыгында, мыйзамдуу, легитимдүү түрдө жашаган жерин которгондор деле бар. Бирок алар 500 миң эмес, болжолдуу 100 миң чыгат. Ошондо 400 миң киши жөн эле бир партиянын схемасынын негизинде шайлоо участкасын алмаштырган, — дейт политолог.
Бул жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкан респонденттердин саны статистикалык методго ылайык, жалпы шайлоочулардын санын алып караганда, ага жооп берет. Бул тууралуу социолог Мадина Шарафутдинова билдирди.
— Биздин шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллонго жакын болуп жатат. Эгер алардын санына карап ала турган болсок, биздин сурамжылоого катышкан 1202 респондент жетишерлик болот. Бул сурамжылоонун негизинде шайлоонун жыйынтыгы болжолдуу ушундай чыгышына 95% ыктымалдуулук бар, — деди Шарафутдинова.
Социолог ошону менен бирге муну жалпы калктын деңгээлинде ала турган болсо, болжолдуу 2.8% тактык менен жыйынтык чыгарууга мүмкүн экенин кошумчалады.
Кыргызстанда парлменттик шайлоо 4-октярбрга белгиленген. Ага 16 партия салышып жатат. Шайлоого катышкан жалпы жарандардын 7 пайызынан көп добушун алган партиялар парламентке өтөт.