Биз менен байланышыңыз

Орус-казак чек арасында турган кыргызстандыктар өткөрүлө баштайт

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 840 | 0

Орус-казак чек арасында турган кыргызстандыктар Казакстан аркылуу автобус менен өлкөгө жеткирилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Орусиядан келе жаткан кыргызстандыктар бүгүн жана эртең (24-25-сентябрда) эки этап менен ташылат. Биринчи этабы бүгүн кечинде ишке ашырылат.

Тышкы иштер министрлиги учурда Казакстандын чек арасы жабык экенин, ал жерде топтолуп калган кыргызстандыктарды өткөрүү боюнча бир эле жолкуга уруксат берилгенин эскертти. Министрлик орус-казак чек арасы ачылмайынча чек арага келбей турууну өтүнөт.

Орусиянын Оренбург, Самара облустарынан, Башкыртстан жана Татарстандан келе жаткан жарандардын саны 3 200дөн ашык.

Кыргызстандын аэропортторунан кайсы шаарларга учса болот?

Copyright © 2017 Maral FM