Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын аэропортторунан кайсы шаарларга учса болот?

Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 1371 | 0

Кыргызстандын аэропортторунан кайсы шаарларга учса болот жана ал үчүн эмне керек?

«Манас» аэропортунан бүгүнкү күндө төмөнкү багыттар боюнча бир катар каттамдар жандандырылган:

  • Бишкек-Стамбул-Бишкек;
  • Бишкек-Анталья-Бишкек;
  • Дубай-Бишкек-Дубай;
  • Шарджа-Бишкек-Шарджа;
  • Ташкент-Бишкек-Ташкент;
  • Алматы-Бишкек-Алматы;
  • Бишкек-Москва-Бишкек.

Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча каттам аткарыла баштайт

«Ош» аэропортунан төмөнкү багыттар боюнча чартердик каттамдар жүргүзүлөт:

  • Москва-Ош-Москва;
  • Ош-Санкт-Петербург-Ош;
  • Ош-Новосибирск-Ош;
  • Ош-Екатеринбург-Ош;
  • Ош-Сургут-Ош;
  • Ош-Красноярк-Ош.

Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттарынын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары аталган өлкөлөрдүн аймагына барганга чейин 3 күн мурда коронавируска текшерилген ПЦР анализдин (терс) жыйынтыгын алышы керек.

Түркия мамлекетине уча турган жарандарга ПЦР — тесттин жыйынтыгы керектелбейт.

Жүргүнчүлөр жолго чыгарда ала турчу документтер:

-ПЦР – тест;

-жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуу) (аты-жөнү, туулган жылы, күнү, айы, жынысы, паспорттун мөөнөтү), өзгөчө жаңы паспортко көңүл буруу керек.

* Учакка билеттерди сатып алуу үчүн авиакомпаниялардын өкүлдөрүнө кайрылыңыздар.

 Ички каттамдар:

  • Бишкек-Ош-Бишкек (күн сайын);
  • Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек (жумасына бир жолу, жума күнү);
  • Бишкек-Баткен-Бишкек (жумасына бир жолу, шейшемби күнү).

Аэропорттордун терминалдарына кирүүгө уча турган билети бар гана жарандарга уруксат берилет. Аэровокзалдын ичине кирип бара жатканда бардык жарандар дезинфекциялоочу тоннелден өтүшөт.

Бардык жарандар милдеттүү түрдө беткап режимин жана социалдык аралыкты сакташы шарт. Ал үчүн аэропорттордо атайын белгилер жана маалыматтык стенддер бар. Колду тазалоо үчүн санитайзерди колдонуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM