Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча каттам аткарыла баштайт

Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 1270 | 0

Бүгүн, 21-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда туруктуу аба каттамдары жанданат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Алгачкы этапта Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча каттам жумасына бир жолу ишке ашырылат. Кыргызстан тараптан каттамдар «Avia Traffic Company» авиакомпаниясы тарабынан жума күндөрү учат.

Орусияга баруучу кыргызстандыктар коронавируска каршы тапшырган тестинин терс жыйынтык көрсөткөнү тууралуу маалымкатын көрсөтүшү керек.

18-сентябрда Орусиянын коронавирусту алдын-алуу боюнча оперативдүү штабы Кыргызстан, Казакстан, Беларусия, Түштүк Корея менен аба каттамдарын ачуу чечимин кабыл алган.

Ага ылайык, 21-сентябрдан тарта Москвадан Бишкекке, Нур-Султанга, Минскке, ал эми 27-сентябрдан тарта Сеулга жумасына бир жолу учак каттайт.

Март айынан августка чейин Орусиядан Кыргызстанга 153 чартердик каттам уюштурулуп, 27 миңден ашык кыргызстандык мекенине келген.

20-сентябрдан тарта Алматы-Бишкек-Алматы багыты боюнча каттам ишке ашырыла баштады. Ал шейшемби жана жекшемби күндөрү учат.

Буга чейин Кыргызстан Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт жана Өзбекстан менен туруктуу аба каттамдарын калыбына келтирген.

Copyright © 2017 Maral FM