Биз менен байланышыңыз

Төрт партия тилектештик меморандумуна кол коюшат

Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 1373 | 0

“Республика”, “Ата Мекен”, “Бир Бол” жана “Реформа” саясий партиялары тилектештик меморандумуна кол коюшат. Бул тууралуу аталган партиялардын штабынан кабарлашты.

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү коомдогу нааразычылыктын өсүшүнө байланыштуу, шайлоочуларды массалык түрдө сатып алуу жана бийликчил партиялар тарабынан административдик ресурс колдонуу коркунучун түшүнүп, таза жана акыйкат шайлоо үчүн чечкиндүү күрөшүү ниетин билдиришет.

Алар таза, ачык жана акыйкат шайлоону камсыз кылуу максатында меморандум аркылуу тилектештигин билдиришти.

Тилектештик меморандумуна кол коюу бүгүн, 23-сентябрда өтөт. Ага партия лидерлери, ар бир партиянын 10дон өкүлү жана ЖМК өкүлдөрү катышат.

Copyright © 2017 Maral FM