Биз менен байланышыңыз

Президент эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына азыртан даярданууну тапшырды

Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 474 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү боюнча Жарлыкка кол койду. Анын негизинде, 2021-жылдын 31-августунда көз карандысыздык майрамын жогорку деңгээлде белгилөө, өз убагында даярдык көрүү тапшырмасы берилди.

Өкмөт уюштуруу комитетин түзүп, иш-чаралар планын 2020-жылдын 1-декабрына чейин бекитиши керек. Зарыл болгон финансылык каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнөт.

КР Жогорку Совети 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация кабыл алган. Ага ылайык, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү, демократиялык мамлекет деп жарыяланган.

«Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгынын алдында өлкөнүн басып өткөн жолуна баам салып, анын келечектеги багытын аныктоо зарыл. Мамлекеттүүлүктү, элдин биримдигин, ынтымагын коргоо жана чыңдоо, демократиялык баалуулуктарга аяр мамиле кылуу, ар бир жарандын бакубат жашоосуна кам көрүү, өлкөнү мындан ары да социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү — биздин ыйык парзыбыз», -деп айтылат президенттин расмий сайтындагы маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM