Биз менен байланышыңыз

Маданият министрлиги музейдин айланасындагы тосмо тууралуу түшүндүрдү

Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 702 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Улуттук тарых музейинин айланасындагы тосмо боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтин басма сөз катчысы Айнура Асанбаеванын маалыматы боюнча, тосмо 2018-жылдын август айында реконструкциялоонун алкагында музейдин алдыңкы тарабына орнотулган.

Металл тосмонун бийиктиги 3 метрди түзөт. Министрликтин маалыматы боюнча, тосмо жарандардын коопсуздугу үчүн коюлган.

Буга чейин социалдык тармактарда Улуттук тарых музейинин айланасы тосулганы айтылып, сүрөт тараган. Бул жарандардын нааразылыгын жараткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM