Биз менен байланышыңыз

Араван РИИБнин башчысы иштен алынып, кызматкерлер жазаланды

Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 900 | 0

Ош облусунун Араван районунда коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн Араван РИИБнин башчысы Сактан Исмаилов кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында, бир катар кызматкерлер да тартип жазасына тартылышты.

20-сентябрда Араван районунун Араван айылында үгүт иштеринин алкагында чогулгандар арасында уруш чыгып, аягы жаңжалга айланып кеткен.

Бул факт Жазык Кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш башталды.

ИИМ тергөө акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөрүн, күнөөлүүлөр жазага тартыларын кабарлады.

Аравандагы мушташтан кийин 12 адам ооруканага түштү

Министрлик ошондой эле үгүт иштери учурунда чагым кылгандарга, атайылап мушташ чыгарган жарандарга жана коомдук тартипти бузгандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Саясий партиялар  шайлоого байланышкан бардык иш-чараларды өткөрүү учурунда, айрыкча эл менен жолугушуулардын графиги жана графиктен тышкары да жолугушуулар боюнча маалыматтарды коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарына билдириши керек.

Copyright © 2017 Maral FM