Биз менен байланышыңыз

Форма-2 документин берген сервер иштебей жатат

Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 667 | 0

Бишкектеги көптөгөн шайлоо участокторунда парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн форма-2 документин берген сервер иштебей жатат. Мындай билдирүүлөрдү шайлоочулар «Маралга» билдиришти.

Шайлоочулардын бири Садырбек Саматов Бишкектеги №1159, №1158 шайлоо участокторунда ушундай көйгөйгө туш болгонун кабарлады.

«Биз саат 14.00дө №1159 шайлоо участогуна келдик, бир жарым сааттай күттүк, сервери иштеген жок. Андан кийин саат 16.30да №1158 шайлоо участкасына келсек, бул жерде да иштей элек. 3төрдө Борбордук шайлоо комиссиясына байланышып, көйгөйдү айтканбыз. Бирок бул маселени чечишкен жок», — дейт окурман.

Форма-2 документин ала албай эртеден кечке күткөн дагы бир окурмандын айтымында, №1221 шайлоо участогунда да сервер иштебей жатат.

Шайлоо мыйзамына ылайык, ар бир добуш берүүчү аймакта шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участокторго жарандар форма-2 деген документ менен катталат.

Бүгүн, 19-сентябрда жарандардын шайлоого катышуу үчүн шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыздарын берүү мөөнөтү аяктайт.

Буга байланыштуу бүгүн «Форма-2ни» толтурууга шарт түзүү максатында участкалык шайлоо комиссияларынын иш убактысы 20:00гө чейин узартылган.

Өлкөдөн тышкары жерлерде (Орусия менен Казакстан) иштеген участкалык шайлоо комиссиялары саат 21:00гө чейин кабыл алышат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM